Коом
Кеминде «Ак Илбирс ЭкоФест–2026» экологиялык фестивалы өттү

Кемин районунун Шабдан айылында «Ак Илбирс ЭкоФест – 2026» аттуу экологиялык фестиваль өттү. Иш-чара «Ак илбирс: экологиялык билим берүү – Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи» деген ураан алдында уюштурулду.
Фестивалдын катышуучулары үчүн арт-аймактар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, мастер-класстар, сынактар, спорттук мелдештер жана жаратылышты коргоого үндөгөн маданий программа уюштурулду. Ошондой эле Кемин районунда клен дарагынын көчөттөрү отургузулду.
Фестивалды «Илбирс – Жашыл Муун» коомдук фонду Таалайбек Мамбеталиевдин демилгеси менен Президенттин администрациясынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу астында өткөрдү.



