Пайдалуу кеңештер

Күндүз туура убакта уктоо ден соолукка пайдалуу

Диетолог жана нутрициолог Даниэль Смайлинин айтымында, күндүз туура убакта уктоо ден соолукка пайдалуу.

Адистин айтымында, түштөн кийинки 13:00–15:00 аралыгында организмдин энергиясы табигый түрдө төмөндөйт. Ошондуктан ушул убакта 10–30 мүнөткө уктап алуу сергектик тартуулап, түнкү уйкуга тоскоол болбойт.

Кыска убакытка күндүз уктоо көңүл топтоону жакшыртып, иштин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, маанайды көтөрөт. Изилдөөлөргө ылайык, мындай эс алуу акыл-эс чарчоосунан кийин организмдин калыбына келишине жардам берет.

Ошол эле учурда адис күндүзгү уйку сапаттуу түнкү уйкунун ордун баса албасын эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button