Коом

Сузак районундагы жаңы аэропорт 2027-жылы пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы аэропорттун курулушу 2027-жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, аэропорттун учуп-конуу тилкеси 3 миң 800 метр узундукта болуп, эл аралык 4Е категориясынын талаптарына ылайык курулууда. Бул ар кандай үлгүдөгү жүргүнчү жана жүк ташуучу учактарды кабыл алууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, саатына 350 жүргүнчүнү тейлей ала турган үч кабаттуу терминал курулат.

Эске салсак, жаңы аэропорттун курулушу 2025-жылы башталган. Аны жайгаштыруу үчүн Багыш айыл аймагынан 381 гектар жер бөлүнгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button