Коом

УКМК: Москва шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, РФ ТИМинин жана БУУнун Аймактык жолугушуусу өттү

2026-жылдын 14-15-июль күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарында Россиянын Тышкы иштер министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилеринин Аймактык жолугушуусу өттү.

Бул иш-чарага БУУнун Башкы катчысынын орун басары А.В. Зуев, БУУнун Секретариатынын жана Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү, РФ ТИМинин жетекчилиги, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары катышты. Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн ЖККУ жетекчилиги, КМШнын Терроризмге каршы борборунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррористтик түзүмүнүн өкүлдөрү катышуучулардын катарында болушту.

Кыргыз Республикасынын УКМК, ИИМ, ТГС жана Жарандык авиация өкүлдөрүнөн куралган делегациясын КР УКМК Төрагасынын орун басары – Антитеррористтик борборунун директору, генерал-майор А.Т. Эрбаев жетектеп барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө терроризмге каршы күрөшүү, террордук уюмдарга курал-жарак жана учкучсуз учуучу аппараттарды жеткирүү каналдарына бөгөт коюу, маалыматтарды өз убагында алмашуу, ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүндө жана эл аралык деңгээлде коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле КР делегациясы БУУнун Башкы катчысынын орун басары А.В. Зуев жана БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда террордук уюмдарга каршы туруунун усулдары, жаңы чакырыктар жана аларга жооп кайтаруунун заманбап жолдору сүйлөшүлдү.

Ушундай эле эки тараптуу сүйлөшүүлөр КМШ өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборунун жетекчилиги менен да өткөрүлүп, анда КМШ аймагында коопсуздукту бекемдөө үчүн такай антитеррористтик машыгууларды өткөрүп туруу жана даярдыкты жогорку деңгээлде сактоо зарылдыгы айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button