Коом

Аптаптуу ысыктан улам Бишкек жана Чүй облусунда электр энергиясы убактылуу өчүрүлүүдө

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр тармагына күч келгендиктен электр энергиясы убактылуу өчүрүлүүдө.

«Улуттук электр тармагы» ишканасынын маалыматына ылайык, Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы аптаптуу ысыктан улам электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жетти. Электр тармактарынын жабдуулары эң жогорку жүктөм менен иштеп, айрым электр берүү линияларындагы жүк уруксат берилген чектен ашууда.

Жабдууларды коргоо жана көп сандагы керектөөчүлөрдү камтыган авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө. Ушуга байланыштуу айрым аймактарда электр энергиясы эки саатка чейин убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн.

Бул чаралар кыска мөөнөттүү болуп, энергетикалык жабдуулардын бузулушуна жана ири аварияларга жол бербөө үчүн көрүлүп жатканы белгиленди.

Тектеш кабарлар

Back to top button