Коом

Ырчы Алтынбек Каленов 43 жашында дүйнө салды

Бул тууралуу анын кесиптештери билдирип, ырчы сыркоолоп жүргөнүн, түндө ооруканада үзүлгөнүн айтышты.

Алтынбек Каленов Нарындын Ак-Муз айылында туулган. Мектепти бүтөрү менен Бишкек шаарына келип чыгармачылыкка кадам таштаган. Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны аяктап, көбүнчө фольклорго басым жасап, ырларды, дастандарды комуз менен аткарчу.

2008-жылдан тарта «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгектенип, кийин өз алдынча иштеп жүргөн.

Маркумдун сөөгү кичи мекени Ат-Башы районунда, эртең, 21-июлда жерге берилерин айтышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button