Дүйнө

АКШ иммиграциялык визалар боюнча арыздарды кароону токтотту

Трамптын администрациясы иммиграциялык визалар боюнча арыздарды кароону токтотту. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, арыздарды кароо бардык консулдуктарда жана элчиликтерде токтотулду. Буга байланыштуу визалык маектешүүгө жазылуу мөөнөттөрү да өзгөртүлдү.

Мамлекеттик департамент ар бир виза талапкерин кылдат жана бирдей баалоону камсыз кылуу үчүн жаңыртылган көрсөтмөлөрдү жана консулдук кызматкерлер үчүн окуу программаларын даярдап жатат.

Маектешүүгө алдын ала жазылып койгон талапкерлерге жолугушуулары жокко чыгарылганы тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлдү. Билдирүүдө жаңы күн жана убакыт кийинчерээк кабарланары айтылган.

Мамлекеттик департамент бул өзгөртүүлөр визалык арыздарды кароодо талапкерлердин АКШнын мамлекеттик жөлөкпулдарына көз каранды болуп калбашын камсыз кылууга жардам берерин билдирүүдө. Бул чара мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияга көзөмөлдү күчөтүү саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button