Окуялар

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирүүнүн транс улуттук схемасы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өлкөгө товарларды мыйзамсыз алып кирүүнүн транс улуттук схемасын аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө И. А. башка адамдар менен биргеликте Кыргыз Республикасына товарларды бири-бири менен байланышкан 11 юридикалык жакты колдонуу аркылуу алып кирүүнү уюштурганы аныкталган. Аталган компаниялар иш жүзүндө ишкердик жүргүзгөн эмес жана номиналдык жана аффилирленген адамдардын атына катталган.

2026-жылдын июнь айынан август айына чейин «Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пункту аркылуу товарлар баасы төмөндөтүлүп көрсөтүлүп, өлкөгө киргизилип турган. Кийинчерээк бул товарлар салыктык эсепке талаптагыдай киргизилбестен сатылган.

Мындан тышкары, товарларды алып кирүүдө 2024-жылдын 30-апрелинен тартып ишмердүүлүгүн токтоткон ишкердик субъекти катары таанылган жеке ишкер «К.»дүн атынан жасалма товар коштоочу документтер колдонулган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси («Жалган ишкердик») жана 222-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button