Кытай чет өлкөдө жүргөндө мыйзам бузган жарандарына жазаны күчөттү

15-сентябрдан тарта Кытайда өлкөгө кирүү жана өлкөдөн чыгуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирет. Тиешелүү токтомду Кытайдын Мамлекеттик кеңеши кабыл алды.
Документке ылайык, чет өлкөдө өлкөнүн мамлекеттик коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына коркунуч жараткан мыйзамсыз же кылмыштуу аракеттерди жасаган Кытай жарандарынын өлкөдөн чыгуусуна убактылуу чектөө коюлушу мүмкүн.
Кытайга кайтып келгенден кийин мындай жарандарга 6 айдан 3 жылга чейин чет өлкөгө чыгууга тыюу салынышы мүмкүн.
Чечим тиешелүү маалыматтар текшерилгенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынат. Маалыматтарды текшерүүгө Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү да тартылышы мүмкүн.
Чек арадан мыйзамсыз өткөнү же документтерди алдоо жолу менен тариздегени үчүн административдик камакка алынган Кытай жарандарына да ушундай чектөө каралган.
Ошол эле учурда социалдык тармактарда тараган «башка мамлекеттин мыйзамдарын бузган Кытайдын жаранына 5 жылга өлкөдөн чыгууга тыюу салынат» деген маалымат токтомдун мазмунуна туура келбейт. 5 жылга чейинки мөөнөт чет өлкөлүк жарандарга карата белгиленген. Алар миграциялык жана чек ара мыйзамдарын айрым учурларда бузган болсо, Кытайга кирүүсүнө 1 жылдан 5 жылга чейин тыюу салынышы мүмкүн.
Жаңы эрежелер Кытайдын Юстиция министрлиги тарабынан жарыяланды. Ошондой эле алардын жоболорун Кытайдын Мамлекеттик миграциялык иштер башкармалыгы түшүндүрдү.



