Коом

Бишкектин бир бөлүгүндө газ берүү убактылуу токтотулат

«Бишкекгаз» газ кызматы маалымдагандай, жер алдындагы орто басымдагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 21-июлдан 24-июлга чейин төмөнкү аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

БЧК, Фучик көчөсү, Дорожная көчөсү, Юбилейная көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Пригородная көчөсү, Молодая Гвардия көчөсү, Саадаев көчөсү, Школьная көчөсү, Садовый көчөсү, Коллекторная көчөсү, Новая көчөсү, Кыргызская көчөсү жана Советский көчөсү менен чектеш аймактар.

«Бишкекгаз» жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде абоненттерди энергиянын башка булактарын колдонууга чакырат.

Бул иштер жаратылыш газын коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button