Ысык-Көлдө нөшөрлөгөн жаандан улам көпүрө жана автоунаа жолдорун суу жууп кетти

Кечээ, 21-июлда Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жаандан улам көпүрө жана бир нече автоунаа жолдоруна зыян келди.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Ак-Суу районундагы Кайыңды-Сырт өрөөнүндө Кайыңды дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, жыгач көпүрөнү суу жууп кеткен.
Натыйжада сегиз чет өлкөлүк жаран жана төрт жеңил унаа жайлоодо калып калган. Алар убактылуу жергиликтүү чабандын үйүнө жайгаштырылды. Жабыркагандар жок.
Окуя болгон жерде Ак-Суу райондук ӨКМ бөлүмүнүн кызматкерлери жана жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.
Кийинчерээк Тоң районунда Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон убактылуу автоунаа жолунун 110-чакырымындагы тилкени сел суусу жууп кеткен. Кесепеттерди жоюуга ӨКМдин ыкчам тобу, экскаватор жана алты самосвал тартылып, жол кыймылы калыбына келтирилди.
Мындан тышкары, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 207–208-чакырым аралыгында, Конкино айылынын жанында арыктарга суу батпай, жолдун үстүнө чыгып, болжол менен 10 метр жол катмарын жууп кеткен.
Жети-Өгүз райондук ӨКМ кызматкерлери жолдун өтүүсүн ыкчам камсыздап, унааларды кезектешип өткөрүп жатышат. Бузулган тилкени калыбына келтирүүгө экскаватор, жүктөгүч жана самосвал тартылды. Калыбына келтирүү иштери уланууда, жол кыймылы толугу менен токтотулган жок.



