Коом

50 миңден ашык катталуучусу бар блогерлерди каттоодон өткөрүү сунушталды

Маданият министрлиги 50 миңден ашык катталуучусу бар блогерлерди Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүүнү сунуштоодо.

Министр Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, сөз блогерлерге лицензия берүү жөнүндө эмес, аларды атайын реестрге каттоо тууралуу болуп жатат.

Алдын ала маалыматка ылайык, жалган же текшерилбеген маалыматтарды тараткан блогерлер үчүн жоопкерчилик жана айып пулдар каралышы мүмкүн.

Учурда мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Күзүндө аны тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууга жөнөтүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button