Бишкектеги коомдук транспорттордо рейд жүрүүдө

2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарында «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасы коомдук транспортто жол киренин төлөнүшүн көзөмөлдөө максатында рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.
Текшерүүчүлөр жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөнүн, ошондой эле банк картасы, QR-код же башка ыкмалар менен төлөгөн учурда төлөмдү тастыктаган электрондук же кагаз түрүндөгү чектин (квитанциянын) бар-жогун текшеришет.
«Бишкек шаардык транспорту» бардык жүргүнчүлөрдү жол кирени өз убагында төлөп, текшерүү аяктаганга чейин төлөмдү тастыктаган чекти сактап жүрүүгө чакырат.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, коомдук транспортто жол киресин төлөбөгөн жүргүнчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылып, 1000 сом өлчөмүндө айып пулга жыгылышы мүмкүн.
Муниципалдык ишкана борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук транспортту пайдалануунун эрежелерин сактоого жана жол кирени өз убагында төлөөгө чакырат.



