Коом
Бишкек менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору күтүлүүдө

Жакынкы үч сааттын ичинде жана бүгүнкү күндүн жүрүшүндө Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт.
ӨКМдин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Тургундарга этият болуу, мүмкүн болгон аба ырайынын кескин өзгөрүшүн эске алуу сунушталат.



