Окуялар
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жакын жерде унаа күйүп кетти

Чүй облусунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы бул маалыматты тастыктады.
Аламүдүн районунун Луговое айылындагы Алматы көчөсүндө унаа күйүп жатканы тууралуу маалымат 16-октябрда саат 20:03тө түшкөн. Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 20:14тө чектөөгө алып, 20:30да толугу менен өчүрүшкөн.
Унаа толугу менен күйүп кеткен. Жабыркагандар жок экенин ведомстводон билдиришти.



