Дарыгер курч респиратордук вирустук инфекцияларды дарылоонун жаңы ыкмасы тууралуу айтты

Курч респиратордук вирустук инфекцияларды (КРВИ) дарылоодо симптомдорду жеңилдетүүгө гана эмес, ооруну пайда кылган козгогучка түздөн-түз таасир этүүгө да көңүл буруу керек. Бул тууралуу аллерголог-иммунолог, медицина илимдеринин доктору, профессор Андрей Продеус aif.ru басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, КРВИни 200дөн ашык түрдөгү козгогуч пайда кылышы мүмкүн. Бирок алардын белгилери көп учурда окшош болгондуктан, анализдерсиз вирустун так түрүн аныктоо кыйын. Дарыгер дене табын түшүрүүчү жана мурун бүтүшүнө каршы каражаттар адамдын абалын жеңилдетерин, бирок инфекциянын себебин жок кылбай турганын белгиледи. Ошондой эле ал иммунитетти стимулдаштыруучу дарыларды өз алдынча кабыл алууну сунуштаган жок. Анткени бул, айрыкча, балдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн.
Профессор белгилегендей, Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңыланган клиникалык сунуштарына ылайык, дарылоо симптомдорду гана басаңдатууга эмес, инфекциянын булагы болгон вируска түздөн-түз таасир этүүгө багытталышы керек. КРВИни дарылоодогу жаңы ыкма балдарга да колдонулат. Продеустун айтымында, натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча жетиштүү далилдер жок болгондуктан, эми иммундук системага таасир этүүчү препараттарды жана гомеопатиялык каражаттарды колдонуу сунушталбайт.
Иммунолог КРВИни дарылоодо түздөн-түз таасир этүүчү жана кеңири спектрдеги вируска каршы каражаттар сунушталышы мүмкүн экенин кошумчалады. Анын айтымында, мындай дарыларды дарыгер гана жазып бериши керек. Дарылоону оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо баштаган жакшы.



