Маданият

«Манас Ордо» комплексинин реконструкциясы толук аяктады

Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук тарыхый-маданий комплексинде масштабдуу реконструкция иштери толугу менен аяктады. Эми комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл ала алат.

Комплекстин аймагы жаңыланып, улуттук мурас заманбап архитектуралык чечимдер менен айкалыштырылды.

Кыргыз элинин тарыхын, руханий баалуулуктарын жана «Манас» эпосунун мурасын даңазалаган комплексти реконструкциялоо иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 2025-жылдын 13-ноябрында президент Садыр Жапаров реконструкция иштерине байланыштуу комплекстин аймагына убакыт капсуласын койгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button