Коом
Кыргызстан күйүүчү майды Беларусь менен Кытайдан ала баштады

Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, май Беларустан Россия аркылуу келе турган болуп, транзит маселеси чечилген.
«Кытай менен макулдашуу бар. Автотранспорт менен ташып келе турган болдук. Биринчи партия жолго чыккан. Өкмөт мамлекеттик органдарга май тарткан машиналарды чек арада кармабай процессти тездетүүнү тапшырган», — деди министр.
Ал ошондой эле Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.



