ИИМ менен Кытай элчилиги Кытай жарандары арасында алдын алуу иштерин күчөтөт

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстанда жүргөн Кытай жарандарынын арасында укук бузуулардын алдын алуу маселеси талкууланды.
ИИМдин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарын түшүндүрүү, жергиликтүү каада-салтты, маданиятты жана коомдук тартипти урматтоонун мааниси өзгөчө белгиленди.
Ошондой эле Ички иштер министрлиги менен Кытай элчилиги биргелешкен алдын алуу жана маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнү макулдашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу багытындагы кызматташтыкты мындан ары да улантууга даяр экенин ырасташты.



