Дүйнө

Японияда 7,1 магнитудалуу жер титирөө болуп, цунами коркунучу жарыяланды

Япониянын Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында 7,1 магнитудалуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук метеорология башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланды. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан. Ариакэ жана Яцусиро булуңдарынын жээктеринде бийиктиги 1 метрге чейин жетиши мүмкүн болгон цунами коркунучу сакталууда.

Биринчи жер титирөөдөн бир саатка жетпеген убакыт өткөндөн кийин 6,1 магнитудалуу экинчи жер титирөө болду. Ал эми АКШнын Геологиялык кызматы бул эки жер титирөөнүн күчүн тиешелүүлүгүнө жараша 6,8 жана 5,6 магнитуда деп баалады.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити тиешелүү мекемелерге келтирилген чыгымды ыкчам баалоону, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү жана зарыл болгон аймактарда элди коопсуз жайларга эвакуациялоону тапшырды.

NHK телеканалынын маалыматына ылайык, бул 2024-жылдын январында Ното жарым аралында болгон жер титирөөдөн бери Японияда катталган магнитудасы 7 же андан жогору болгон биринчи жер титирөө болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button