Коом

Wildberries дрон чабуулдарынан кийин Казакстандан кампа издеп жатканы айтылууда

Wildberries маркетплейси Орусиядагы логистикалык борборлоруна украиналык дрондордун чабуулдарынан кийин Казакстандан кампа жайларын издеп жатат. Бул тууралуу кыймылсыз мүлк рыногундагы төрт булакка таянып «Коммерсант» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, компания өзүнүн логистикалык кубаттуулуктарынын бир бөлүгүн мүмкүн болгон чабуулдардан коргоону көздөйт.

Булактардын бири Wildberries болжол менен 100 миң чарчы метр аянттагы кампа издеп жатканын билдирсе, дагы бири компания Казакстандагы бардык бош кампаларды ижарага алууга даяр экенин айткан.

Russ / Wildberries (RWB) бириккен тобунун басма сөз кызматы компания иш алып барган бардык өлкөлөрдө логистикалык объектилерди пландуу түрдө куруп жатканын билдирди.

Учурда Алматы шаарында 100 миң чарчы метрден ашык, ал эми Астанада 160 миң чарчы метрлик логистикалык борборлор курулуп жатат. Компания ошондой эле товарларды ар кандай кампаларга кайра бөлүштүрүү иштерине басым жасап жатканын маалымдады.

«Коммерсант» сурамжылаган адистердин айтымында, Казакстандан ылайыктуу кампа табуу оңой болбойт, анткени өлкөдө бош кампа жайлары жетишсиз.

Ошондой эле Wildberries Орусиядан да жаңы кампаларды издөөнү улантып жатканы белгиленди. Бирок кампа ээлери дрон чабуулдарынын тобокелдигинен улам компания менен жаңы ижара келишимдерин түзүүгө шашылбай жатышат.

Маалыматка ылайык, 18-июлдан бери Украина Wildberries компаниясынын логистикалык борборлоруна жана кампаларына дрондор менен чабуул жасап келет. Чабуулдар Москва облусундагы, Тамбов облусундагы, Краснодардагы, Ставрополь крайындагы, Ленинград облусундагы, Санкт-Петербургдагы, Воронеждеги, Рязаньдагы жана Крымдагы кампаларга жасалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button