Окуялар

57 миллион сомго чукул чыгым келтирген. УКМК “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысын кармады

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КР Мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында, тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алып, ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай  жасалма түрдө алынды кылган КР СӨМдүн алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген чыгым 57 миллион сомго жакынды түзгөн.

Алынган далилдердин негизинде “Т.Э.Б.” Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button