Окуялар
Чүйдүн мурдагы башчысы Мирбек Мияров көп аялдуулук боюнча акталды

29-июлда Октябрь райондук соту Чүй облусундагы президенттин мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровду «Эки аялдуулук же көп аялдуулук» беренеси боюнча актады. Сот анын аракетинде кылмыштын курамы жок деген чечимге келди.
Буга чейин Хабиби Уланова Мирбек Мияров менен үй-бүлөлүк мамиледе жашаганын жана андан өзгөчө муктаждыгы бар баласы бар экенин айтып чыккан. Бул боюнча мурдагы аткаминерге карата кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле Хабиби Уланова социалдык тармактар аркылуу Мирбек Мияровду баланы тарбиялоого жана материалдык жактан камсыздоого катышпай жатат деп бир нече жолу айыптап келген.



