Бишкекте жасалма виза даярдоого шектелип чет элдик жаран кармалды

Бишкекте 25 жаштагы чет өлкөлүк жаран жасалма визаларды даярдап, сатуу менен алектенүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү өзүнүн башка шериктери менен чет элдик жарандарга Кыргызстанга иштөө жана окуу үчүн визаларды 1000 долларга жасап берүүнү сунуштап келген. Бирок даярдалган документтер жасалма болуп чыккан.
Айрымдар бул документтер менен Кыргызстанга кирүүгө жетишсе, кийин кайра чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Кээ бирлерине чек арадан өтүүгө уруксат берилген эмес.
Алдын ала маалымат боюнча, бул схема аркылуу кеминде 200 чет элдик жаран өлкөгө мыйзамсыз кирген. Алардын ичинен 30дан ашуун адам Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү кеминде 30 миң доллар деп бааланууда.
Шектүү кармалганда анын бут кийиминен 1400 доллар жасалма акча чыккан. Ошондой эле унаасынан жана жашаган жеринен паспорттор, визалар жана башка документтер алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси («Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу») менен иш козголду. Учурда схеманын башка катышуучуларын аныктоо иштери уланууда.



