Коом

Бишкекте үч күн арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт

Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомство 30-апрель жана 1, 2-май күндөрү Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте «Жаз — 2024» жарманкесин уюштурууда. Анда эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча-жемиш, шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болору белгиленди.

«Шаардын жашоочуларын социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында продукция ортомчусу жок түз жарманкеге коюлат. Демек, товарлардын баары дүң баада болот», — деп жазылган маалыматта.

Жарманке Разаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде өтөрү кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button