Кыргыз-тажик чек арасынын 160 чакырымына зым тосулду

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин төрагалыгы алдында облус, район жетекчилиги жана күч түзүмдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик тосмолор менен жабдуу иштеринин жүрүшү, чек аранын коопсуздугун чыңдоо, мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү маселелери кеңири талкууланды.
Жыйында чек ара тилкесинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берилип, тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өркүндөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу, инженердик тосмолорду орнотуу иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, чек ара тилкесине зым тосмолорун тартуу иштеринин алкагында 6-августка карата Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 160 чакырым 558 метр аралыгы тосулду.



