Коом
Баткенде көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Баткен районунда көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 36 энеге “Баатыр эне” ордени, 34 энеге “Эне даңкы” медалы ыйгарылды.
Салтанатка облус башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун басары Сүйүнбай Сатыбалдиев, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жетекчилер энелерди сыйлыктары менен куттуктап, алардын үй-бүлөгө жана коомго кошкон зор салымын белгилешти. Сыйлыктар менен катар энелерге белектер да тапшырылды.



