Коом

Кумтөр Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө жардам көрсөттү — ФОТО

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы муктаж жарандарга жардам көрсөтүү иш чарасына катышты.

Алмазбек Барыктабасов билдиргендей, ишкана социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 100, Жети-Өгүз районунун 100 үй-бүлөсүнө бирден музоолуу жана бооз уйларды тапшыруу чечимин кабыл алган.

«Кумтөр социалдык жоопкерчиликтүү компания катары ушундай жакшы саамалыкты баштады. 18 миллион сомго саан уйларды сатып алып, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жардамга муктаж болгон 200 үй бүлөсүнө тапшырдык. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакырчылыкты жоюу боюнча коюлган тапшырмаларынын негизинде ишке ашырылууда», — деди.

Белгилей кетсек, бул жардам жергиликтүү бийлик тарабынан берилген тизме боюнча социалдык жактан өтө муктаж тургундарга таратылды.

Маалымат үчүн: Кумтөр ишканасы тарабынан аймакта ирригациялык, таза суу жана кайра иштетүү боюнча чоң-чоң долбоорлор каржыланып, медицина, билим берүү тармагына да ар кандай колдоолор көрсөтүлүүдө. Жыл сайын аялуу катмардагы жарандарга көмүр, азык-түлүк баштыктары үзгүлтүксүз таратылып келет. Мындан сырткары ишкана “Ысык-Көл облусун өнүктүрүү” фондуна 2023-жылы 8 млн 389 миң доллар которгон, — деп билдирди  “Кумтөр Голд Компани» маалымат борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button