Бишкекте 16-августта айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкекте 16-августта саат 11:00дөн 19:00гө чейин бир нече көчөдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Чектөөлөр «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясына байланыштуу киргизилүүдө.
Чектөө төмөнкү тилкелерде болот:
Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
Д. Куюков көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө (мурдагы Муромская көчөсү) чейин;
Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик конушуна чейин.
Мэриянын маалыматына караганда, чектөөлөр иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле репетицияны өткөрүү үчүн зарыл.
Борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо башка альтернативдүү жолдорду тандап алуу суралды.



