Бишкек, Чүйдө жана Ысык-Көлдө 29-августтан 6-сентябрга чейин жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

29-августтан 6-сентябрга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммитине байланыштуу Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Бишкекте чектөөлөр «Манас» эл аралык аэропортунан баштап Васильевский тракт, Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери, Жусуп Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрү, Абсамат Масалиев проспекти, Жайыл баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө киргизилет.
Ошондой эле Чүй облусунун айрым унаа жолдорунда кыймыл убактылуу чектелет.
Ысык-Көл облусунда чектөөлөр айрым жол тилкелеринде, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майдандын аймагында жана Кырчын жайлоосуна кеткен жолго киргизилет.
Мындан тышкары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык машыгууларына байланыштуу «Бишкек Арена» стадиону жакта жолдор маал-маалы менен жабылып турат.
ИИМ шаар тургундарын жана конокторун чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, сапарларын алдын ала пландап алууга чакырды.



