Өлкөдө 1,5 миңге жакын жеке ветеринар мамлекеттик кызматка алынат

Кыргызстанда 1,5 миңге жакын жеке ветеринарды мамлекеттик кызматка тартуу пландалууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн «Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүү каралууда.
Ардагер ветеринар Жалил Алымкулов жеке мал доктурларды мамлекеттин карамагына өткөрүп, аларга туруктуу айлык акы төлөө ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи.
Жаңы ишканага алынган адистер малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык иш-чараларды жүргүзөт. Ошондой эле жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алышат.
Алдын ала маалымат боюнча, ветеринарлардын айлыгы 30-40 миң сомдун тегерегинде болуп, ишинин жыйынтыгына жараша бонустар менен жалпы кирешеси 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
«Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча токтомдун долбоору учурда макулдашуу баскычында. Ишкананы жаңы жылдан тарта толук кандуу ишке киргизүү пландалууда.



