Энергетика министрлиги 14-августта жарык эмне себептен өчкөнүн түшүндүрдү

Кыргызстандын Энергетика министрлиги казакстандык оператордун билдирүүсүнө жооп берип, 14-августта жарык эмнеге өчкөнүн түшүндүрдү.
Ага ылайык, өлкөнүн энергетикалык системасында техникалык мүчүлүштүк болуп, республика жалпы энергосистемадан бөлүнүп, өз алдынча иштөөгө өткөн. Абал 18 мүнөттүн ичинде жөнгө салынган.
Министрликтин маалыматына караганда, ошол учурда Кыргызстан коңшу өлкөлөргө да жардам берип, 250 МВт электр энергиясын берген.
Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун өчүшү аймактын жалпы энергосистемасында көйгөй жаратып, электр энергиясын бөлүштүрүү өзгөргөн жана автоматика ишке кирген. Бирок бул башка өлкөлөрдө жарыктын өчүшүнө түздөн-түз себеп болгон дегенди билдирбейт.
Министрлик азырынча биргелешкен иликтөө жүрүп жаткандыктан аварияга Кыргызстанды күнөөлөөгө эрте экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин коңшу өлкөнүн системалык оператору KEGOC Токтогул ГЭСиндеги эки гидроагрегат өчүп калып, Борбор Азиянын энергетикалык тутумуна күч келгенин билдирген. Мындан улам бизде жана коңшу өлкөдө жарык жапырт өчкөн учурлар катталган.



