Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетти

2026-жылдын 20-августунан тарта Кыргызстандын жарандарына Кытайга баруу үчүн эки жаңы визасыз режим колдонулууда. Алар — 240 саатка (10 күнгө чейин) визасыз транзит жана Хайнань провинциясына 30 күнгө чейин визасыз кирүү.
Жөнөкөй паспорттун ээлери Кытайга 65 ачык өткөрмө пункту аркылуу, анын ичинде Бээжин жана Шанхай шаарларындагы аэропорттордон визасыз кире алышат.
Бул үчүн үчүнчү өлкөгө же аймакка бара турганы тастыкталган билет жана сапардын маршруту болушу керек.
Визасыз транзиттин алкагында Кытайда болуунун максималдуу мөөнөтү 240 саат, башкача айтканда 10 күндү түзөт. Саякатчылар бул режимде каралган аймактардын чегинен чыкпоого тийиш.
Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандары үчүн Хайнань провинциясына 30 күнгө чейин визасыз кирүү режими киргизилди. Жөнөкөй кыргыз паспортунун ээлери аралга ачык өткөрмө пункттары аркылуу кирип, провинциянын административдик аймактарында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул кыргызстандыктарга Хайнанга туристтик жана ишкердик максатта Кытай визасын алдын ала албай барууга мүмкүнчүлүк берет.
Эки визасыз режимдин алкагында төмөнкүдөй кыска мөөнөттүү сапарларга уруксат берилет:
туризм;
ишкердик сапарлар;
туугандарга баруу;
жеке сапарлар.
Ошол эле учурда алдын ала уруксат алууну талап кылган иштерге визасыз режим колдонулбайт. Тактап айтканда, иштөө, окуу жана журналисттик ишмердүүлүк үчүн Кытайдын тиешелүү визасын алдын ала алуу зарыл.
Кытайда Кыргызстан менен Вьетнам кошулгандан кийин жарандарына 240 сааттык визасыз транзитке укук берилген өлкөлөрдүн саны 57ге жетти. Ал эми Хайнанга 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн саны 61ге көбөйдү.



