Коом

Кыргызстан Швейцарияга 91,8 килограмм алтын экспорттоду

Кыргызстан июнь айында чет өлкөгө 91,8 килограмм алтын экспорттоду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, баалуу металлдын баары Швейцарияга жөнөтүлгөн.

Буга чейин Кыргызстан алтынды акыркы жолу январь айында экспорттогон. Ошол учурда өлкөдөн 99 килограмм алтын чыгарылган. Андан кийин май айына чейин алтын экспорту боюнча соода катталган эмес.

Ошентип, жыл башынан бери июнь айына карата жалпысынан 190,8 килограмм алтын экспорттолгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button