Эмдөө тууралуу санариптик сертификат эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү

«Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги «Эмдөө тууралуу сертификат» кызматы кеңейтилди.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эми жарандар COVID-19га каршы эмдөөдөн тышкары, бардык катталган профилактикалык эмдөөлөрү тууралуу электрондук сертификат ала алышат.
Сертификат министрликтин маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө түзүлөт. Анда вакцинанын аталышы, дозасы, эмделген күнү, сериясы жана өндүрүүчүсү көрсөтүлөт.
Документ кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болуп, анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот. 18 жашка чейинки балдардын сертификатын ата-энелери өзүнүн «Түндүк» тиркемеси аркылуу ала алышат.
“Сертификатты телефонго сактап, электрондук түрдө жөнөтүүгө же басып чыгарууга болот. Бул үчүн медициналык мекемеге барып, кагаз маалымкат алуунун зарылдыгы жок”,–деп айтылат билдирүүдө.



