Казакстандагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты

Казакстандын Караганда облусунда болгон жол кырсыгынан эки кыргыз жараны мерт болуп, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 17-августта Шет районунун аймагында болгон. Анын кесепетинен 63 жаштагы И.Г.В. жана 52 жаштагы Е.Е.Ю. окуя болгон жерден каза тапкан. Маркумдардын сөөгүн туугандары алып кетишкен.
Ал эми 60 жаштагы И.А.А. аттуу дагы бир жаран ар кандай жаракат алып, Шет райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда ал дарылануусун улантууда.
Аталган факт боюнча Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги каза болгондордун жана жабыркаган жарандын жакындары, дарыгерлер жана тиешелүү органдар менен байланышта болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Маселе министрликтин жана элчиликтин көзөмөлүндө экени кошумчаланды.



