Коом
Кыргызстанда жыйналган дандын көлөмү 1 млн. тоннадан ашты

Өлкөдө быйыл дан эгиндеринин түшүмү мол болууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, ар бир гектардан орточо 27,6 центнерден түшүм алынууда. Былтыр бул көрсөткүч 25 центнерге жеткен эмес.
Учурда 365,9 миң гектардан дээрлик 1,1 миллион тонна дан эгини жыйналды. Анын жарымынан көбү — буудай. Аймактар арасында Чүй облусу алдыда, бул жерде 663 миң тонна дан жыйналды. Ош облусунда болсо 204 миң тонна түшүм алынган.
Мындан тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери да уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин:
363,2 миң тонна жашылча;
178,5 миң тонна картошка;
83,4 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды.
Түшүм жыйноо иштери өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.



