Чолпон-Атадагы ат майдан толугу менен жаңыланды

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында объекттин негизги бөлүктөрү жаңыланды. Атап айтканда, VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жер төлө, фонтандар жана унаа токтотуучу жайлар оңдолду. Ошондой эле инженердик тармактар жаңыланып, аймак көрктөндүрүлдү.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Учурда ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.
Маалымат үчүн: Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын тарыхы 1930-жылдардан башталат. Объект 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата оңдолуп, 2018-жылы толук жаңыланган. Бүгүнкү күндө ал 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ири ат спорттук комплексттердин бири.



