26 өлкө ичинен Кыргызстан жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп аталды

Much Better Adventures платформасы жүргүзгөн рейтингде Кыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп таанылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, платформанын эксперттери 26 өлкөдөн турган рейтинг түзүшкөн. Өлкөлөр экстремалдык жана активдүү туризм, жөө жүрүү маршруттары, транспорттун жеткиликтүүлүгү, баалардын деңгээли, коопсуздук көрсөткүчтөрү, биологиялык ар түрдүүлүгү жана саякатчылардын кызыгуусунун өсүшү сыяктуу критерийлердин негизинде бааланган.
Адистер белгилегендей, Кыргызстан бийик тоолору, бийик тоолуу көлдөрү жана адам колу тийбеген жаратылышы менен саякатчыларды өзүнө тартып келет. Теңир-Тоо трекинг, ат менен саякаттоо, тоо арасында лагерь куруу жана алыскы тоолуу аймактарды изилдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
Кыргызстанга келген туристтер төмөнкүдөй кызматтарды пайдалана алышат:
Көчмөндөрдүн маданиятына сүңгүп, кыргыз элинин дүйнөгө белгилүү меймандостугун сезүү.
боз үйлөрдө түнөө;
ат минип саякаттоо;
бийик тоолуу Ала-Көлдүн айланасында жөө жүрүш жасоо;
“Жомок” каньонунун өзгөчө пейзаждары менен таанышуу;



