Психолог август айында адамдар эмне үчүн кайгыга батышарын түшүндүрдү

Август айында адамдар жайдын аяктап баратканына байланыштуу кайгырып, «эч нерсеге жетишкен жокмун, жетиштүү эс алган жокмун» деген ойго кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу психолог Елена Масолова билдирди.
Адистин айтымында, мындай сезим адамдарда жай мезгили эс алуу, саякаттоо, достор менен көп жолугушуу, дарыяга же көлгө баруу сыяктуу жагымдуу нерселер менен байланыштуу деген калыптанган түшүнүктөн улам пайда болот. Адамдар жайга аткарылышы керек болгон иштердин тизмеси сыяктуу мамиле кылышат. Бирок жай да башка айлар сыяктуу эле күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болгондуктан, адамдар эс алганга караганда көбүрөөк иштешет жана пландалган иштердин көбү аткарылбай калат.
Мындан тышкары, адамдар өздөрүн башкалар менен салыштыра башташат. Мисалы, достору деңизге барып эс алып келсе, өзү бара албаса, нааразычылык пайда болот. Социалдык тармактардан адамдардын көңүлдүү, жаркын жай өткөрүп жатканын көрүү да өзүн башкалар менен салыштырууга түртөт.
Психолог мындай учурда өткөн жай айларындагы жагымдуу окуялардын тизмесин түзүүнү сунуштайт. Мисалы: эмнеси көбүрөөк жакты, ким менен убакыт өткөрүү жагымдуу болду, эмне көбүрөөк таасир калтырды, кайсы тамак даамдуу болду жана ким менен жолугушуулар жылуу өттү деген суроолорго жооп берүү керек.
Адистин айтымында, мындай ыкма жайдын «бош өтпөгөнүн» түшүнүүгө жардам берет.
Психолог ошондой эле мезгилдердин алмашуусу адамдын аң-сезиминде жылдын бир этабынын аякташы катары кабыл алынарын белгиледи. Күз келгенде күн кыскарат, аба ырайы өзгөрөт, жалбырактар саргайып түшөт. Жаратылыштын соолушу адамдарда карылык жана кандайдыр бир нерсенин аякташы менен байланышкан сезимдерди жаратышы мүмкүн.
Ошондуктан айрым адамдар августтун акыркы күндөрүн «кармап калууга», жайдын бүтүшүн кийинкиге жылдырууга аракет кылышат.



