Коом

Альпинисттердин тоого чыгуусун мамлекеттик органдарга автоматтык түрдө билдирип туруучу система ишке кирет

Кыргызстанда альпинисттердин тоого сапарга чыкканын мамлекеттик органдарга автоматтык түрдө билдирип туруучу система иштелип жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.

Анын айтымында, система аркылуу альпинисттин каттоосу, камсыздандыруусу жана куткаруу иштерине байланыштуу төлөмдөр бирдиктүү тартипте аныкталат.

Куткаруу операциясынын баасы тоого чыгуунун татаалдыгына жараша эсептелет.

Министр Корумду чокусунда жүргүзүлгөн акыркы куткаруу операциясы акысыз болгонун белгиледи. Каза болгон альпинисттердин жакындары тик учактын чыгымын гана төлөшкөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button