Коом

Көчмөндөр оюндарынын 700 ыктыярчысына атайын формалар берилди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган ыктыярчыларга 700 даана атайын форма тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Атайын форма Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы менен биргеликте иштелип чыккан.

Министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков ыктыярчылар оюндарга келген чет элдик меймандарды жана катышуучуларды алгачкылардан болуп тосуп алып, Кыргызстан тууралуу жакшы таасир калтырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 1-6-сентябрда Ысык-Көл облусунда өтөт. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн спортчулар, маданият өкүлдөрү, меймандар жана туристтер катышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button