Коом
ДКО-2026. Саламаттык сактоо министрлиги тамеки тартууга тыюу салынганын эскертет

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КР №121 мыйзамына ылайык, төмөнкү жерлерде тамеки тартууга тыюу салынарын эскертет:
мекемелердин имараттарында жана бөлмөлөрүндө;
стадиондордун аймагында;
маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар өтүп жаткан учурда ачык аянтчаларда.
Мындан тышкары, тамеки тартуу үчүн атайын бөлүнгөн жайларда гана уруксат берилет.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — спорттун жана ден соолуктун аймагы!



