Спорт
Раззак Бейшекеев Польшада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча турниринде алтын медаль жеңди

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Польшада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Владислав Пытлясинскийдин эл аралык мемориалдык турниринде алтын медаль жеңди.
Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Финалга чейин ал Швеция жана Украинанын балбандарын жеңип, үч жеңишке жетишти.Чечүүчү беттеште кыргызстандык балбан Норвегиянын өкүлү Хаавард Йоргенсен менен күрөшүп, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Бейшекеевдин алтын медалы Кыргызстан үчүн бул турнирдеги экинчи алтын болду. Буга чейин Асан Жанышов биринчи орунду ээлеген.



