Коом

Терминал аркылуу акча салган жарандарды идентификациядан өткөрүү сунушталды

Төлөм терминалдары аркылуу акча салган жаран идентификациядан өтүшү керек болот. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды.

Мында кеп төлөм терминалдары аркылуу банк картасына, эсепке же электрондук капчыкка накталай акча салган учур тууралуу сөз болуп жатат.

Учурда терминал аркылуу мындай операцияларды жасоодо адамдын ким экенин аныктоо талап кылынбайт. Башкача айтканда, жаран терминалга накталай акча салып, башка адамдын картасын, банк эсебин же электрондук капчыгын толуктай алат.

Эгер документ кабыл алынса, акча салып жатканда жарандын паспортундагы маалыматтарды, терминалдын техникалык мүмкүнчүлүгү жетсе Face ID же Touch ID сурашы мүмкүн.

Мындай чаранын негизги максаты кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоону жана кылмыштуу иштерди каржылоону азайтуу экени белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button