Саясат
Кыргызстанга Өзбекстан, Тажикстан, Армения жана Азербайжан президенттери келишти

Кыргызстанга иш сапары менен Кыргызстанга Өзбекстан, Тажикстан, Армения жана Азербайжан президенттери келишти келишти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.


Маалым болгондой, дүйнө лидерлери «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.



