Коом

Нарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Нарын шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар тургундарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Чекирбаев, Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев жана Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жылдызбек Эсеналиев куттукташты.

Көрүүчүлөргө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүү тарыхы жана элдин маданий баалуулуктары тууралуу театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

Майрамдык иш-чаранын программасы чоң концерт жана шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин парады менен уланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button