Коом
Кыргызстандыктар Таиландда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат

Кыргызстандын жарандары эми Таиландга 30 күнгө чейин визасыз бара алышат. Бул тууралуу Таиланддын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Жаңы эрежеге ылайык, 2026-жылдын 15-сентябрынан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга визасыз кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тартип жөнөкөй жарандык паспорт ээлерине тиешелүү.
Кыргызстан Таиландга визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн жана аймактардын жаңы тизмесине киргизилди.
Учурда кыргызстандыктар Таиландга келгенден кийин Visa on Arrival визасын ала алышат. Ал өлкөдө 15 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берет.
Ал эми 15-сентябрдан тарта келгенден кийин виза алуу зарылдыгы болбойт.
Ошондой эле Таиланддын жарандары Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.



