Маданият

Чолпон-Атада эл аралык этномузыкалык фестиваль башталды

Чолпон-Атада «Көчмөндөрдүн жаңырыгы» аттуу эл аралык этномузыкалык фестиваль башталды. Анын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Түштүк Корея, Латвия жана башка өлкөлөрдү кошкондо 20 мамлекеттин аткаруучуларынын арасында сынак өтөт.

Фестиваль жүздөгөн бийчилердин жана атчандардын катышуусундагы масштабдуу шоу менен ачылды. Трибуналар көрүүчүлөргө жык толуп, көпчүлүк иш-чарага балдары менен келишкен.

Фестиваль 4-сентябрга чейин уланат. Анын алкагында дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы көчмөн элдердин маданиятын жана салт-санаасын тааныштыра турган «Биримдик кербени» да өтөт.

2-сентябрда «Этно-хит күнү» өтүп, анда катышуучулар өз өлкөлөрүнүн улуттук музыкалык мурастарын тартуулашат.

3-сентябрда «Дүйнөлүк хит күнү» уюштурулат. Анда дүйнөгө белгилүү чыгармалар катышуучулардын улуттук музыкалык өзгөчөлүктөрү менен аткарылат.

4-сентябрда фестивалдын чоң финалы өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button