Саясат

Садыр Жапаров: Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоону колдойт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарында “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда сөз сүйлөдү.

Саммиттин темасы: “БУУ адилет дүйнөлүк тартиптин негизги элементи катары: “ШКУ плюс” мамлекеттеринин көп полярдуу дүйнөнү калыптандырууга кошкон салымы”.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан көп полярдуулукту глобалдык маселелерди чечүүгө катышкан мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү, өнүгүүнүн ар түрдүү жолдорун, маданияттарды жана салттарды урматтоого негизделген процесс катары карай турганын баса белгиледи.

“Биз үчүн адилеттүүлүктүн башкы критерийи – ар бир мамлекеттин үнүн эске алуу жана эл аралык ченемдердин бардыгы үчүн бирдей жана кынтыксыз колдонулушу. Дал ошондуктан Кыргыз Республикасы калыптанып жаткан көп полярдуу дүйнөнүн өзөгүндө Бириккен Улуттар Уюму кала бериши керектигине бекем ишенет”, — деп баса белгиледи Президент.

Ал БУУнун ишинде орун алган кемчиликтер анын ролун алсыратууга же Уюмду айланып өтүүгө себеп болбошу керектигин айтты. Тескерисинче, бул БУУну биргелешип чыңдоо, натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап реалдуулукка ылайык анын механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгын күбөлөндүрөт.

“Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоону колдойт. Мындай реформа кеңири макулдашуунун негизинде жүргүзүлүшү керек”, – деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле алдыдагы Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн өзгөчө маанисине токтолду. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасы өз тарыхында биринчи жолу 2027-2028-жылдарга Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды.

Бул органдагы алдыдагы мүчөлүгүбүз БУУнун борбордук координациялоочу ролун бекемдөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Кыргызстан Коопсуздук Кеңеши менен аймактык уюмдардын ортосундагы тыгыз диалогго көмөктөшүүгө, ошондой эле Борбордук Азияда татаал мамлекеттер аралык маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча топтолгон тажрыйбаны сунуштоого даяр”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Шанхай кызматташтык уюмунун ролуна токтолгон Садыр Жапаров 25 жыл ичинде ШКУ саясий, экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн абройлуу аянтчасына айланганын айтты.

“Күчтүү аймактык уюмдар эл аралык мамилелердин универсалдуу системасын бекемдеп, аны кыйла туруктуу кылат, жалпы принциптерди элдерибиздин реалдуу муктаждыктарына жакындатат”, – деп баса белгиледи Президент.

Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттер жана “ШКУ плюс” форматы эл аралык тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө кошкон салымын күчөтө ала турган үч багытты атады: превентивдүү дипломатияны өнүктүрүү, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө БУУ менен практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле адилеттүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу.

“Биз саясий пикир келишпестиктер кризиске, ал эми кризис куралдуу тирешүүгө айланганга чейин аракет кылууну үйрөнүшүбүз керек. Бул үчүн тараптардын позициялары олуттуу айырмаланган учурларда да байланыш каналдарын сактоо зарыл”, – деди Садыр Жапаров.

Президент коопсуздук маселелери социалдык-экономикалык өнүгүү менен өз ара байланышта каралышы керектигин өзгөчө белгиледи.

“Миллиондогон адамдар үчүн адилеттүүлүк билим алууга, медициналык жардамга, заманбап технологияларга жана татыктуу жумушка жеткиликтүүлүктөн башталат. Ошондуктан ШКУнун экономикалык, транспорттук, энергетикалык жана санариптик долбоорлору БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары менен тыгыз байланышта болушу кажет”, – деди ал.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров адилет дүйнөлүк тартипти калыптандыруу бир түрдүүлүктү эмес, мамлекеттердин эгемен тандоосун урматтоону, эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жана диалогду сактоону талап кыларына токтолду.

“Адилеттүү дүйнөлүк тартип бардык мамлекеттердин бирдей ой жүгүртүүсүн талап кылбайт. Ал башка нерсени – бири-бирибиздин тандообузду урматтоону, алган милдеттенмелерибизди аткарууну жана эң оор мезгилдерде да диалогду токтотпоону талап кылат”, – деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Бишкек саммити мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрү жоопкерчилик менен пайдаланылган, ар бир мамлекеттин үнү угулган, ал эми элдердин коопсуздугу жалпы эл аралык принциптердин негизинде камсыз кылынган дүйнөнү калыптандырууга дагы бир кадам болот деп ишеним артты.

“Кыргызстан адилеттүү көп полярдуу дүйнө кимдир бирөөгө каршы эмес, бардыгынын жыргалчылыгы үчүн курулушу керектигине ынанат. Дал ушундай дүйнөнү биз биргеликте курууга даярбыз”, – деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Тектеш кабарлар

Back to top button